Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Жапаровдун айрым тарапкерлери парламентке келишти


Митингдин катышуучулары.
Митингдин катышуучулары.

Садыр Жапаровдун 10-15 аял тарапкери Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан Жогорку Кеңештин батыш тарабына келип, президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алышын талап кылышууда. Азырынча бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыккан жок.

Аянтта митинг уланып жатат. Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров акциянын катышуучуларын тароого чакырды. Бирок митингчилер тароодон баш тартып жатышат. Айрымдары Жапаров кармалган түрмөгө барууга чакырышууда.

Буга чейин Ички иштер министрлиги митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскерткен.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен. Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселеге мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG