Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:05

Митингчилер менен милиция күчтөрү кагылышты


Окуя болуп жаткан жерден тартылган сүрөт.
Окуя болуп жаткан жерден тартылган сүрөт.

Садыр Жапаровдун айрым тарапкерлери менен милиция кагылышты. Митингчилер Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бет алган учурда милициянын атайын күчтөрү суу чачып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Учурда митингчилер чыгышты көздөй качышты.

Бүгүн Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылгандардын митинги өтүп жаткан.

Буга чейин Ички иштер министрлиги митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскерткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG