Атайын даярдыктагы күчтөр, милиция кызматкерлери суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, кулак тундуруучу гранаталарды ыргытуу менен Ала-Тоо аятындагы жана Жогорку Кеңештин алдындагы чогулган элди кууп таркатып жатат. Аянтта жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча милиция желим ок атканы да белгилүү болду. Ушул тапта эл Киев, Тоголок Молдо жана ошол аймактагы көчөлөргө сүңгүп баратканы кабарланды.
Ушул тапта милиция митингчилерди Разаков, Орозбеков жана Киев көчөлөрүнөн сүрүп чыгарууга киришти.
2-мартта Бишкектеги борбордук аянтта камактагы Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган эл чогулуп, митинг өткөргөн. Алар Жогорку Кеңешти көздөй бет алганда милиция аларды күч менен кууп таркатты.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.
2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен. Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (ZKo/TSh)