Орозбеков көчөсүнүн кафе-ресторандар жыш жайгашкан аймагында милиция кардарлардын, коомдук тамактануучу жайлардын кызматкерлеринин сыртка чыкпашын талап кылды.
Ушул тапта митингчилер тараптан ыргытылган таштар көчө боюна токтотулган автоунааларга тийип, терезелери талкаланып жатканын ошол жерде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. Айрымдар автоунаааларын коопсуз жакка айдап кетүүгө аракет кылып жатышат.
Кабарчыбыздын айтымында, милиция да таш ыргыткан учурлар болду. Азыр митингчилер Токтогул көчөсүнөн ары Орозбеков көчөсүн митингчилерден тазалоонун үстүндө.
2-мартта Бишкектеги борбордук аянтта камактагы Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган эл чогулуп, митинг өткөрүп, кечке жуук Жогорку Кеңеш менен президенттик аппараттын имаратын көздөй бет алган болчу.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Каракол шаарында митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.
Башкы прокуратура Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгын февралдын башында билдирген. Прокуратуранын маалыматына караганда «Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакцияларына ылайык Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт». Ошондой эле Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай тургандыгы маалымдалган.
2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен. Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (ZKo/TSh)