Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Евробиримдиктин жетекчилери грек-түрк чек арасына барат


Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен аталган уюмдун бир катар жетекчилери менен 3-мартта Грекия менен Түркия чектешкен аймакка барарын билдирди. Ал 2-мартта Брюсселдеги басма сөз жыйынында бул сапардын максаты Афинага жардам-колдоо көрсөтүү экенин белгиледи.

Жекшембиде Түркия менен Грекиянын чек арасына жүздөгөн мигрант чогулуп, Евробиримдиктин аймагына өтүүгө аракет кылган. Грек полициясы аларга жаш агызчу газ атып токтоткон.

Түркия буга чейин мекенинен качып чыккан сириялыктарды аймагында кармай албай турганын, Европаны карай эшигин ачарын билдирген болчу.

«Мен Түркия качкындар менен мигранттардан улам оор абалга кептелип турганын түшүнөм, бирок азыркыдай жагдай маселени чечпейт», - деди Урсула фон дер Ляйен.

Ал арада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жакынкы күндөрү дагы миллиондогон мигранттар Европаны көздөй агыларын дагы бир жолу эскертти.

Мындан төрт жыл мурун Брюссел менен Анкара качкындар маселесинде мунаса тапкан. Ага ылайык, Түркия миллиондогон сириялыктарга өз аймагында убактылуу баш паанек берип, Батышка өткөрбөй турууга убада берген. Евробиримдик бул үчүн каржылык жардам бермек. Бирок түрк президенти Батышты «убадасын аткарган жок» деп айыптап келет.

Акыркы жумаларда Сирияда кырдаал курчуп, атышуу күчөдү. Мындан улам Түркияны көздөй качкандар дагы көбөйдү.

XS
SM
MD
LG