Биринчи май райондук сотунда бүгүн баштапкы сот жараянында иш тууралуу маалымат берилет. Бул иш боюнча айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирди. Ал сот жараянына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да айыпталуучу катары катышарын айтты:
«Алмазбек Шаршенович «сотко катышып, өлкөдөгү мыйзамсыздыкка, адам укуктарынын бузулушуна, башаламандыкка каршы чыгып, өз позициясын билдирип чыккан адамдардын жанында болом» деп билдирген. Бүгүнкү соттук териштирүүдө экс-президент катышуусу күтүлүүдө».
Кундуз Жолдубаеванын маалыматына караганда, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болгон. Жолдубаева сотту жабык өткөрүү аракети күтүлүп жатканын кошумчалап, жараянды ачык өткөрүүнү соттон өтүнүшөрүн кошумчалады.
2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон.
Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан. (ZKo)