2-мартта «Бир айыл - бир азык» долбоорунун Бренд комитетинин чечими менен жергиликтүү ишкерлер өндүргөн 7 өнүмгө атайын сертификат ыйгарылды. Мындай сертификат Баткен килемин, өрүк скрабын, өрүк талканын, килкилдек (холодец), өрүк шербетин, нукура таттуу азыктарды жана өрүк токочторду өндүргөн ишканаларга берилди. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, эми бул азыктар республикалык бренд таймашка катышат.
JIKA уюмунун колдоосу менен уюштурулган долбоордун багыты - жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен экологиялык таза азыктарды өндүрүү. Долбоор аларды «Batken Product» аталышы менен өлкөгө жана чет жактарга жайылтууну да максат кылат. Ал жергиликтүү өнүмдөрдүн сапатын жогорулатууга, улуттук жана эл аралык талаптарга ылайыктоого, өнүм чыгарылган цехтердин тазалыгын көзөмөлдөөгө колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары өндүрүлгөн азыктарды сатууга көмөктөшүп, маркетинг жагынан да жардам берет. (ZKo/JsA)