Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

Бишкекте базар жана коомдук жайлар дезинфекцияланууда


Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адистери дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бишкек, Кыргызстан.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Бишкек шаардык борбору Ош жана Аламүдүн базарларындагы бир катар павильондорду, соода түйүндөрүн, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын аймагын, №5 мончону коронавируска каршы дезинфекциядан өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мындан сырткары «Дордой транс» жана «Совет бригада» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун транспорттору да дезинфекцияланды.

Аталган борбордун адистери Бишкектеги «Айчүрөк», «Автордук мектеп», «Рефал» жана №71 мектептин окуучулары менен, Ленин районундагы мечиттердин имамдары жана «Имам Сарахсий» медресесинин тарбиялануучулары менен вирустардын алдын алуу боюнча баарлашууларды уюштурушту.

Март айынын башынан бери мындай түшүндүрүү иштери супермаркеттерде, кафе-ресторандарда, тамактануучу жана башка жайларда да өтүп жатат.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 65 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 90 миңдей адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. Үч миңдей адам каза болду, 44 миңдейи айыгып чыкты. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG