Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

«ПолитКлиника» сайтынын кеңсеси каракталды


«ПолитКлиника» онлайн-медиасынын кеңсеси карактоодон кийин. 3-март, 2020-жыл.
«ПолитКлиника» онлайн-медиасынын кеңсеси карактоодон кийин. 3-март, 2020-жыл.

3-мартка караган түнү «ПолитКлиника» онлайн-медиасынын Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан кеңсесин белгисиз бирөөлөр карактап кетишти. Бул тууралуу «Азаттыкка» «ПолитКлиниканын» башкы редактору Дилбар Алимова билдирди.

Анын айтымында, белгисиз кишилер терезедеги тосмону сындырып, ошол аркылуу киришкен. Алар документтерди, кагаздарды чачып, компьютерлердин биринин хард-дискин чыгарып кетишкен.

Алимова кеңсеге киргендер башка баалуу буюмдарды алышпаганын айтып, «алар ууру эмес, башка максаттагы адамдар болушу мүмкүн» экенин белгиледи.

Редакция жамааты факт боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазды. Милиция кызматкерлери кеңсеге келип, тергөө иштерин жүргүзүүдө.

«ПолитКлиника» 2013-жылдан тартып гезит катары чыгып келген. 2017-жылдан кийин онлайн платформага өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG