Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурумда дарыгер суралды


Азиз Батукаев камакка алынган учуру. Архивдик сүрөт.
Азиз Батукаев камакка алынган учуру. Архивдик сүрөт.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланган жараянда дагы бир дарыгер күбө көрсөтмө берди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, сот бүгүнкү жараянда Сагыналы Мамытовду сурады.

Батукаевдин ишине байланыштуу сот жараяны январдан бери күбөлөрдү угуу менен уланууда.

Сот отуруму айыпталуучулардын бири - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтүп жатат. Башында сотко катышуудан Атамбаев өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун судьясы анын сот отурумуна катышуусуна тыюу салган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. (BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG