Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяху парламенттик шайлоодо анын «Ликуд» партиясы жеңгенин жарыялады. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгына ылайык, аталган партияны шайлоочулардын 29% ашыгы колдоду. Ал эми Нетаньяхунун башкы саясий атаандашы Бенни Ганцтын «Көк жана ак» партиясы 26% жакын добуш алды. Үчүнчү орунга 12,5% жакын добуш менен «Бириккен араб тизмеси» чыкты. Андан кийин марага «Израил - биздин үй» партиясы келди.
Премьер-министр башкаруучу коалиция түзүш үчүн партия лидерлери менен 3-мартта сүйлөшүү жүргүзөрүн билдирди. Өкмөт кураш үчүн кеминде 61 мандат керек. Баштапкы эсепке ылайык, «Ликудга» парламенттен 59 орун тиет. Ганц болсо Кнессеттен болжол менен 55 орун алат жана ал жеңилгенин мойнуна алган жок.
Бул добуш берүү соңку 12 айдын ичиндеги Израилдеги үчүнчү шайлоо болуп калды. Буга чейинки эки шайлоодо да Нетаньяху менен Ганцтын партиялары алдыга чыгып, «ит жыгылыш» болгон. Экөө коалициялык өкмөт түзүү боюнча орток пикир тапкан эмес жана ошондон улам парламент эки жолу мөөнөтүнөн мурда тараган.
Шайлоонун расмий жыйынтыгы ушул аптанын аягында жарыяланмакчы.