Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

Дүйнөдө коронавирус жуккан адамдардын саны 90 миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өпкөнүн сезгенишине алып келген бул вирустан шейшембиге карата 3116 миң киши көз жумду. Ал эми 48 миңдейи айыгып чыкты. Вакцинасы табыла элек бул илдет Антактидадан башка бардык материктерде же дүйнөнүн 70 өлкөсүндө табылды.

Европада бул вирус эң көп жайылган мамлекеттердин башкы сабында турган Италияда 52 адам илдеттен каза таап, аны жугузуп алгандар 2 миңден ашты. Иранда Кытайдан тараган бул инфекцияга кабылган 1500дөн ашуун адамдын 66сы көз жумду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска кабылгандар Кытайдын чегинен тышкаркы аймактарда тездик менен көбөйүп жатканын эскертип, илдетке каршы чаралар «бардык мамлекеттердин башкы максаты» болушу керек экенин белгиледи.

Расмий Бээжин эми вирус Кытайдын башка аймактарына чет өлкөлөрдөн келген адамдар аркылуу жайылышы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди. Ушундан улам Бээжин, Шанхай шаарлары жана Гуаньдун провинциясы вирус көп катталган мамлекеттерден келген жарандарды 14 күндүк карантинге алмай болду.

XS
SM
MD
LG