Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облустук башкармалыгында сурак берип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, Токтонасыров атайын кызматтын имаратына саат 14:00дөр чамасында кирген. Кызматкерлер аны кеминде эки сааттан бери суракка алып жатышат. Укук коргоочу менен кошо анын адвокаты да бар экени кабарланды.
Абдирасулова УКМКнын кызматкерлери Өндүрүш Токтонасыровду Бишкектеги митингге байланыштуу сурап жатышканын, ал акцияда байкоочу катары жүргөнүн белгиледи.
Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов бул жөнүндө кабары жок экенин, маалыматты тактагандан кийин берерин кабарлады.
2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг өткөн. Анын соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы машинелер, имараттар жабыркаган.
Ички иштер министрлиги окуянын 166 катышуучусун кармап, анын төртөөнү камакка алды. УКМК эки кишини, анын ичинде экс-депутат Каныбек Осмоналиевди убактылуу кармоочу жайга киргизди.
Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен.
Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (ErN)