Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:57

Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук териштирүү башталды


Бишкектин Биринчи май райондук соту. Кой-Таш иши боюнча соттук жараянга келгендер. 3-март, 2019-жыл.
Бишкектин Биринчи май райондук соту. Кой-Таш иши боюнча соттук жараянга келгендер. 3-март, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 3-мартта Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук жыйын журналисттердин катышуусуз башталды.

Соттун алдында бул иште «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «барымтага алуу» үчүн шектүү болуп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча сот ачык өтүшүн талап кылышарын билдирди.

Ушул эле окуялар боюнча «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Калайман башаламандык уюштуруу», «Барымтага алуу» беренелери менен айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Ирина Карамушкина Кой-Таш окуясы боюнча иш 80 томдон турарын, анын ичинен төрт томду тергөө тобу жашыруун деп тапканын билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев баштапкы соттук жыйынга Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, №1 тергөө абагында отурган шектүүлөр жеткирилгенин айтты. Анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да сотко катышууда.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон.

Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан. (BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG