Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

4-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору шашылыш билдирүү таратып, 5-марттан 7-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти. Көпчүлүк аймактарда 5-мартта күндүз жаан жаап, карга айланышы мүмкүн.

4-мартта болсо түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаайт, тоолуу райондордо кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7 градус болот.

4-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° жылуу болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG