Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Тергөө абагындагы саясатчы Равшан Жээнбеков жабык сотко каршы кайрылуу таратты


Равшан Жээнбеков сотто.
Равшан Жээнбеков сотто.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган саясатчы Равшан Жээнбеков соттордун жабык өткөрүлүп жатканына нааразылыгын билдирди. Ал 3-мартта кайрылуу таратып, бийлик репрессия менен жабык сотторго басым коюп, элди алдоого өттү деп белгилеген.

Жээнбековдун кайрылуусунда «парламенттик шайлоо алдында кыраакы саясатчыларды гана куугунтуктап тим болбой, бийлик адвокаттарды, журналисттерди, блогерлерди, укук коргоочуларды жана жалпы эле бийликтин саясатынан өзгөчө ойлонгон жарандарды кысымга ала баштады. Репрессиялар тарыхта эч качан, саясий-экономикалык маселелерди чече алган эмес, чече да албайт. Кыргыз бийлиги кандай гана убадаларды бербесин, эл аралык деңгээлде Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукта коррупциялашкан, соттору көз каранды, авторитардык мамлекет катары таанымал» деп жазылган.

Саясатчы шайлоо алдындагы мындай кысымдар өлкөдө аймак аралык, улут аралык, диний маселедеги чыр-чатактарга себеп болушу ыктымал экенин белгилеген.

Равшан Жээнбеков өз кайрылуусунда адилетсиз сот жана акыйкатсыз шайлоо улуттун кызыкчылыгын коргой албаган алсыз парламентти түзөрүн айтып, элди сот адилеттигин талап кылууга чакырган.

«Бул бизге гана эмес, биздин келечек муундарга да тиешелүү. Адилет сот саясатчыларга, укук коргоочуларга, журналисттерге гана керек эмес, адилеттик коомдогу туруктуулукту, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүн шарттайт», деп белгилеген ал.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган.

3-мартта Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы сот отуруму жабык болду. Бул ишке байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып коюлган. Алардын 14ү соттун ачык өтүшүн талап кылышууда.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG