Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

Мадумаров: Эл үчүн шайлоо революция болушу керек


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында «Митингден кандай сабак алыш керек?» деген суроого жооп берип жатып ушундай пикирин билдирди. Анын сөзү боюнча, келе жаткан шайлоолордо эл өзүнүн аң-сезимине революция кылууга тийиш.

«Митингдерден коом, эл сабак алышы керек, - деди ал. - Революцияны жасай турган бир гана күн бар, ал - шайлоо. Ошо шайлоодо эл бүгүнкү башаламандыкка алып бараткан саясий күчтөрдүн казанын тескери аңтарып коюшу керек. Эл «мына ушундай арам бийликке да, алардын акчасына да тойдук, биз мамлекет деп, таза инсандарды көтөрөлү, напсибизди тыялы» деген тыянакка келүүгө тийиш. Бирок тилекке каршы, тескерисинче мына ушулар эртең барып акчаны таратканда, элдин баары анын артынан ээрчийт. Эл кандай болсо, ошого жараша бийлик».

2-мартта Бишкекте абактагы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылгандардын митинги өткөн. Анын катышуучулары Жогорку Кеңешти көздөй жөнөгөндө милиция тосуп, тараптар кагылышкан. Милиция суу бүркүп, желим ок жана көздөн жаш агызуучу газды колдонуу менен митингчилерди кууп таркаткан. Эки тараптан таштар ыргытылып, жол жээгиндеги айрым машинелер менен айрым мекеме-ишканалардын терезелери талкаланган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) митингди уюштуруучулар деп бир нече кишини кармаган. Алардын ичинен «Садыр Жапаровду бошотуу штабынын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен митингдин дагы бир катышуучусу «Д.А» аттуу жаран Жазык кодексинин 39-беренеси жана 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу аракети») боюнча шек саналып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. ИИМ митингде башаламандык кылуу үчүн шектүү катары төрт киши камалганын маалымдады. (ZKo/BkA)

XS
SM
MD
LG