Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

АКШ президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылынын лидери менен сүйлөштү


АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад (солдо) жана «Талибан» кыймылынын саясий жетекчиси Абдул Гани Бахадыр (оңдо). Доха, 29-февраль, 2020-жыл.
АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад (солдо) жана «Талибан» кыймылынын саясий жетекчиси Абдул Гани Бахадыр (оңдо). Доха, 29-февраль, 2020-жыл.

Сүйлөшүү телефон аркылуу жүргөнүн президент Трамп 3-мартта журналисттерге билдирди.

«Мен бүгүн «Талибан» кыймылынын лидери менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Биз жакшы баарлаштык. Зомбулук токтотулат», - деди Трамп.

Мурдараак «Талибан» кыймылы Катардагы кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар АКШнын президенти Дональд Трамп менен жарым сааттан ашуун телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялаган. Анда айтылгандай, сүйлөшүүгө келишимге кол койгон башка расмий адамдар да катышкан. Алардын ичинде Вашингтондун өкүлү Залмай Халилзад да болгон.

29-февралда Катардын баш калаасы Дохада АКШ менен «Талибан» кыймылынын ортосунда 18 жылга созулган согушту токтотууну көздөгөн келишимге кол коюлду.

Келишим боюнча «Талибан» кыймылы Кабулда ооган өкмөтү менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүп, дагы бир катар коопсуздук милдеттенмелерин аткарган шартта АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү жылдын аягына чейин аскерлерди чыгарып кетет.

XS
SM
MD
LG