Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Түркия менен Евробиримдик мигранттар кризисинде бири-бирин айыпташты


Түркия менен Грекиянын чек арасындагы мигранттар.
Түркия менен Грекиянын чек арасындагы мигранттар.

Өткөн аптадан бери Түркия менен Грекиянын чек арасынан 130 миңден ашуун мигрант өттү. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри кабарлады. Түркия чек арасын ачкандан кийин Европага агылган качкындар көбөйгөн.

Бул арада Грекиянын миграция иштери боюнча министри өлкө аларды кабыл алууга даяр эмес экенин билдирүүдө.

Учурда болгар жана грек чек араларында көзөмөл күчөтүлдү. Ал жакта полиция мигранттарды көздөн жаш агызуучу газ менен кууп таркатууда. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Болгариянын премьер-министри менен жолугушууда алгачкы курмандыктар тууралуу айтты.

«Тилекке каршы, Европа Биримдиги убадасына турган жок. Бул окуялардан эки мигрант өлүп, дагы бири грек жоокерлеринин колунан жарадар болду», - деди ал.

2016-жылы Брюссел менен Анкара качкындар маселесинде мунасага келген. Ага ылайык, Түркия миллиондогон сириялыктарды өз аймагында убактылуу баш калкалатып, Батышка өткөрбөй турмак. Бул үчүн Евробиримдиктен каржылык жардам алмак болгон. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу биримдик 6,5 миллион доллардын жарымын төлөп бербей койгонун эске салды. Анкара Сирияда коопсуздук зоналарын түзүү боюнча планды европалык саясатчылар колдобой койгонуна да нааразы.

Германиянын канцлери Ангела Меркел түрк өкмөтү менен сүйлөшүү уланарын айтты.

Австриянын канцлери Түркияны «Евробиримдикке чабуул койду» деп айыптап, өлкө чек арасын мигранттардан коргоого даяр экенин билдирди.

БУУнун маалыматына караганда, былтыр декабрда аймакта кырдаал курчугандан бери бир миллионго жакын адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Буга чейин БУУнун гуманитардык миссиясы сирия-түрк чек арасындагы качкындар лагеринде болуп, алардын абалы өтө оор экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG