Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Ноокендеги жол кырсыгынан 7 адам каза болду


Ноокен районунда болгон жол кырсыгы. 4-март 2020-жыл
Ноокен районунда болгон жол кырсыгы. 4-март 2020-жыл

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 493 чакырымында 4-марттын түнүндө болгон жол кырсыгынан 7 адам каза болду.

Облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдиргендей, окуя түн оогондо Ноокен районунун аймагында болгон. «Хонда-Жаз» менен «Мерседес-Вито» үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшүп, жети адам каза болуп, алтоо Шамалды-Сай аймактык ооруканасына жеткирилди.

Каза болгон адамдардын сөөктөрү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайында. Маркумдардын тек-жайы такталып жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын этегинде берген маалыматына караганда 7 миң автоунаага ылайыкталып курулган Бишкек-Торугарт жана Балыкчы-Ананьево-Каракол жолдору аркылуу суткасына 40 миң автотранспорт каттайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG