Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөнү каптаган коронавирусттун кесепетинен Кыргызстандын экономикасы жабыркаарын, мындан улам өкмөт бардык тобокелчиликтерди кыскартуу керек экенин билдирди. Мындай пикирин Абылгазиев өкмөт жыйынында айтты.
«Биз бардык тобокелдиктердин алдын алуу жана азайтуу үчүн антикризистик иш-чаралар планын иштеп чыгышыбыз зарыл. Биздин товар жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытайга туура келерин эске алуу керек. Басымдуу бөлүгүн коңшу өлкөлөрдөн товарларды импорттоо түзөт. Ошондуктан биз кесепетин азайтуу үчүн эпидемиологиялык кырдаалдын бизнес чөйрөгө таасирине терең талдоо жүргүзүүбүз кажет. Бул үчүн альтернативдик рынокторду издөө иштерин күчөтүп, бизнести колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчынын айтымында, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектеген антикризистик штаб эки багытта иш алпарат. Биринчиси зарыл болгон азык-түлүк менен тиешелүү көлөмдө камсыздоо маселеси. Экинчиси Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө. Мындан улам экономикалык тобокелчиликтерди эсептеп, башка жолдорду издөө. Өкмөт башчы ошондой эле экономикалык жоготууларды азайтуу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштешүү керектигин белгиледи.
Кыргызстандан Кытайдын товары кездешпеген базарды элестетүү кыйын. Кийим-кече, буюм-тайымдан баштап Кытайдан ташылат. Кытайдын Ухань шаарында чыккан жугуштуу эпидемияга байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жабылганына бир айга жакын убакыт болду. Буга байланыштуу базарда айрым товарлардын тартыштыгы сезиле баштады. (TSh)