Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Укук коргоочу: Азимжан Аскаровго жакындары менен жолугушууга уруксат берилбей жатат


Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.

«Voice of Freedom» коомдук фондунун жетекчиси Абдымомун Мамараимовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абактагы Азимжан Аскаров менен жолугушууга анын аялын, балдарын 29-февралда, 2-мартта киргизген жок.

«Мыйзамда жолугушуу аралыгы аныкталбаганы менен, муну алардын жакында жолугушкандыгы менен түшүндүрүштү» дейт Аскаровдун коомдук укук коргоочусу, «Voice of Freedom» коомдук фондунун жетекчиси Мамараимов.

ЖАМКтын өкүлү Самат Калыков «Азаттык» радиосуна абактын ички тартиби боюнча бир жылда төрт жолугушуу каралганын, алардын бири узак, үчөө кыска убакытка берилерин айтты:

«Үч айда бир жолу жолугуша алат. Жубайы 24-январда үч күнгө келип кеткен. Бир ай өтүп кайра келген экен. Түшүндүрүү иши жүргүзүлгөндөн кийин алып келгенин таштап, кайра кеткен. 2-мартта кайра келиптир. Дагы түшүндүрүү иши жүргүзүлгөн. Үч айда бир келсе болору айтылган. Муну Азимжан Аскаров өзү да билет. Эми апрелде келсе болот».

Июнь окуясына айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген. Бириккен Улуттар Уюму баштаган бир катар эл аралык уюмдардын сунушу менен Кыргызстандын соту укук коргоочунун ишин кайра кароого киришкен. Учурда Аскаровдун кассациялык арызы Жогорку сотто каралууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG