Ысык-Көлгө сига-лудога (Лудога май канат) балыгынын 1 миллион даана майда чабагы (малёк) кое берилди. Балык чарба департаментинин Ысык-Көл жана Нарын аймак аралык бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Асановдун айтымында, бул иш балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү үчүн 2008-жылдан бери уланууда.
«Өткөн жылдын декабрь айынан тартып сига-лудога балыгынын декабрда алынган икрасын Тоң районундагы балык чарба заводунда өстүрдүк. Азыр 1 миллиондой чабакты Түп районундагы көл жээгине коё бердик», - деди ал.
Сига-лудога балыгынын 2,5 миллион даана чабагын Тоң балык чарба заводу инкубациядан чыгарган. Асановдун айтымында, сөз болуп жаткан балыктын Соң-Көлдөгү жана Ысык-Көлдөгү түрлөрүнүн чабактарын инкубациядан чыгарып, алмаштырып коё берип жатышат жана бул натыйжа берүүдө.
Балыктын уругун инкубацияда өстүрүү жараяны 74 күнгө созулат.
Ысык-Көлдө азыр балыктын 13 түрү бар. СССРдин мезгилинде 27 түрү бар экендиги айтылып келген. (KS)