Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:30

Орусия: Коррупцияга каршы күрөш фонду Европа сотуна кайрылды


Орусияда Алексей Навальный коррупцияга каршы чуулгандуу иликтөөлөрү, блогдору менен таанымал.
Орусияда Алексей Навальный коррупцияга каршы чуулгандуу иликтөөлөрү, блогдору менен таанымал.

Орусияда оппозиционер саясатчы Алексей Навальный түзгөн Коррупцияга каршы күрөш фонду Адам укуктары боюнча Европа сотуна 30 арыз жөнөттү. Анда былтыр аталган фонддун кызматкерлеринин үй-жайы мыйзамсыз тинтилгени, анда жеке жашоону сыйлабастык болгону, сөз эркиндигине, жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугуна шек келгени айтылат.

«Агоры» укук коргоо уюмунун адвокаты Ирина Хрунова мындай арыздар 100гө чейин жетиши ыктымал экенин билдирди.

Былтыр августта полиция «арам акчаны адалдоо» боюнча Коррупцияга каршы күрөш фондуна каршы кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында фонддун аймактардагы бардык штабдары, анда иштеген кызматкерлер менен тууган-уруктарынын үйлөрү тинтүүгө алынган.

Тергөө материалдарында «Коррупцияга каршы күрөш фонду мыйзамсыз 75 миллион рубль алган» деген айып коюлган. Азырынча бул иштин алкагында эч кимге айып коюла элек. Навальный менен анын санаалаштары дооматты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG