Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Кыргызстанда ажырашуу көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ажырашкандар көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиевдин айтымында, 2018-жылы 10 миң 434 ажырашуу катталса, 2019-жылы бул сан 10 миң 995ге жеткен. Башкача айтканда ажырашуу фактысы 561ге көбөйгөн.

«Ажырашуу тууралуу арыз эң көп берилген аймак – Бишкек шаары. Баш калаадан эки миңден ашуун арыз түшкөн. Ал эми эң азы - Ош, Нарын жана Талас облустарында. Бул жакта ажырашкандардын саны 500дөн ашпайт», - деди Бейшеналиев.

Жалпысынан 2019-жылы Кыргызстанда 49 миң 395 нике катталган. Алардын көбү - Ош жана Жалал-Абад, азы - Нарын жана Талас облустарында. (RK)

XS
SM
MD
LG