Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Жогорку Раданын комитети Гончаруктун кызматтан кетүү жөнүндө арызын кабыл алды


Алексей Гончарук премьер-министр болуп былтыр август айында дайындалган.
Алексей Гончарук премьер-министр болуп былтыр август айында дайындалган.

Украинада Жогорку Раданын Мамлекеттик бийликти уюштуруу маселелери, жергиликтүү бийлик жана шаар куруу комитети премьер-министр Алексей Гончаруктун кызматтан кетүү тууралуу арызын карап, аны канааттандырды. Комитет парламентке аны иштен алууну сунуш кылды.

Гончаруктун кызматтан кеткени жатканы 4-мартта белгилүү болгон. Буга байланыштуу Жогорку Рада 4-мартта түштөн кийин кезексиз жыйынга чогулганы жатат.

Алексей Гончарук кызматын тапшырыш үчүн 17-январда да арыз жазган. Мунун алдында анын президент Владимир Зеленскийди жамандаганы тууралуу тымызын жаздырылып алынган аудио жазуу тарап кеткен болчу. Чуулгандуу аудио жазууда премьер-министрдин, Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын жана финансы министринин үндөрүнө окшош адамдар өлкөнүн экономикалык саясатын талкуулаган жана бул багытта президенттин шык-дарамети тууралуу анча жакшы эмес пикирлерди айтышкан.

Владимир Зеленский Гончаруктун ал арызын кабыл албай койгон. Президент мындай чечимин ал өкмөт жетекчиси экендиги менен, ошондой эле өкмөт мүчөлөрүнө дагы бир мүмкүнчүлүк берип көрүүнү ылайык көргөнү менен негиздеген.

36 жаштагы Алексей Гончарук былтыр август айында премьер-министр болуп дайындалган жана ошол маалда дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы болуп калган. Анын талапкерлиги бул кызматка президенттин «Эл кызматчысы» партиясы көрсөткөн. Гончарук ага чейин президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG