Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Милиция: Жалдагы мушташ боюнча тергөө ушул айда бүтөт


Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт. 28-август, 2019-жыл.
Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт. 28-август, 2019-жыл.

Бишкектин Жал кичирайонундагы чуулгандуу мушташ боюнча иш тергелип бүтө элек. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна баш калаанын милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди. Анын айтымында, тергөө ушул айда бүтөт.

«Биздин Тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштү улантууда. Шектүүлөр камакта. Тергөө март айында бүтөт», - деди ал.

Былтыр 28-августта Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташта эки адам мыкаачылык менен сабалган.

Аларды сабаганы айтылган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков окуя болгон учурда кармалып, кайра коё берилген. Жабыркагандардын жакындары арыз жазган соң коомчулукта бул маселе чоң талкууга түшүп, кийин аларга издөө жарыяланган. 6-сентябрда изделип жаткан эки адам милицияга өздөрү келип, камакка алынган. Алар Бишкектин №1 тергөө абагында кармалууда.

Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул ишке байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Казыбек Бапышовду кармаган. 23-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына бошоткон. Ага милицияда иштеп турган учурунда 28-августта окуя болгон жерге жетип барып, Бапышев менен Сейитбековду кармаган милиция кызматкерлерине тоскоолдук кылып, инилерин бошотуп кеткен деген айып коюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG