Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:34

Кой-Таш окуясы: Соттолуучулардын бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Кой-Таш окуясына байланыштуу ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков жактоочулардын бул иш боюнча камакта отургандардын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн четке какты. Мындай чечимди ал 4-марттагы баштапкы соттук жыйында кабыл алды.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта отурушат.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши февраль айында сотко өткөн. Баштапкы соттук жыйын 3-мартта башталды. (BTo)

XS
SM
MD
LG