Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:21

Идлибде дагы эки түрк жоокери окко учту


Иллюстрациялык сүрөт.

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясындагы аскердик операцияда Түркия дагы эки аскерин жоготту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады. Ошентип аймактагы Анкаранын аскердик операциясы башталгандан бери 59 түрк жоокери ажал тапты.

Өткөн аптада Идлибде Башар Асаддын армиясынын абадан урган соккуларынан улам Түркия 33 аскеринен айрылган. Анкара бул аймакта акыркы жумада Орусиянын кыргын салуучу учактары абадан сокку уруп жатканын билдирген.

Түркиянын жана Орусиянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин жагдайга байланыштуу 5-мартта Москвада жолукканы жатат.

2018-жылдын сентябрь айында Түркия менен Орусиянын лидерлери Идлибди деэскалация аймагына айландырууну, бул провинцияда атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок андан бери аймакта кармаш толук токтой элек.

Башар Асаддын армиясы былтыр жыл аягында Идлибге кайрадан сокку ура баштаган. Бул Евфрат дарыясынын чыгышын көздөй кеткен, сириялык оппозиция көзөмөлдөгөн акыркы аймак болчу.

БУУнун маалыматы боюнча, Идлиб менен Алепподо 300дөй жайкын тургун каза болду, 900 миңдей адам, 1,5 миллиондой бала башка жактан баш калка издеп кетти. Провинцияда болжол менен 3 миллиондой эл жашайт.

Жер которгондордун айрымдары Сириянын Түркия менен чек арасына тушташ Азаз шаарчасындагы лагерлерде баш калкалап жатат.

Сириядагы 2011-жылы башталган согуш 400 миңдей адамдын өмүрүн алды. Миллиондогон адам качкынга айланды.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG