Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

8/365 демилге тобу: «Аялдардын тилектештик маршына» бут тосуу болуп жатат


Былтыркы аялдардын тилектештик жүрүшү. Бишкек. 8-март, 2019-жыл.
Былтыркы аялдардын тилектештик жүрүшү. Бишкек. 8-март, 2019-жыл.

Бишкекте 8-мартка белгиленген «Аялдардын шериктештик маршына» жол бербөө тууралуу Биринчи май райондук администрациясы кайрадан сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучусу, 8/365 деп аталган демилгелүү топтун жетекчиси Жанна Араева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, райондук администрация буга чейин да жүрүштү болтурбоо боюнча сотко кайрылып, бирок арызын кайтарып алган болчу.

«Алар мурда биздин маршка айрым динчил көз караштагы адамдар жана «Чоролор» каршы болуп жатышканын жүйө кылып, жүрүштүн катышуучуларынын коопсуздугу үчүн ага тыюу салуу зарыл деп айтышкан. Бирок райондук администрация өкүлдөрү бул оюнан сот залында эле айнып, маршка тыюу салынбай турган болгон. 4-март күнү бизге Биринчи май райондук сотунан чалып, маршты болтурбоо тууралуу райондук администрациядан да арыз келип түшкөнүн кабарлашты. Биздин билгенибиз боюнча бул жолу саясий себептен улам экен», - деди ал.

Жанна Араева бул жолу сот жүрүшкө тыюу салып коюушу ыктымал экенин кошумчалады. Райондук бийликтин «Аялдардын тилектештик маршына» тыюу салуу боюнча арызы 5-мартта Биринчи май райондук сотунда каралат.

Кыргызстанда жыл башынан берки аралыкта беш аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. Бир нече аял күйөөсүнүн ур-токмогунан майып болуп калды.

«Аялдардын шериктештик маршы» 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте жана Ош шаарында өткөрүлмөк. 8/365 демилге тобунун маалыматына караганда, жүрүштүн негизги максаты - үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу чараларын күчөтүүнү талап кылуу жана зомбулукка каршы биригүү.

Былтыр 8-мартта Бишкекте өткөн аялдардын тилектештик жүрүшүнө ЛГБТ өкүлдөрү да катышкан. Ушундан улам жүрүш катуу талкууланып, ага байланыштуу маселе парламентке чейин жеткен. «Жыныстык азчылыктарды жактаган жүрүш болду» деген негиз менен шаардын жетекчилиги жана ага катышкан активисттер сындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG