Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Жогорку Рада Гончарукту өкмөт башчылыктан бошотту


Алексей Гончарук.
Алексей Гончарук.

Украинада Жогорку Рада 4-мартта кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министр Алексей Гончаруктун кызматын тапшыруу тууралуу арызын канааттандырды.

Мунун алдында парламенттин Мамлекеттик бийликти уюштуруу маселелери, жергиликтүү бийлик жана шаар куруу комитети Гончаруктун бул арызын карап, ага макулдук берген жана комитет сунушун Жогорку Радага жөнөткөн.

Алексей Гончарук кызматын тапшырыш үчүн алгач 17-январда арыз жазган. Мунун алдында анын президент Владимир Зеленскийди жамандаганы тууралуу тымызын жаздырылып алынган аудио тарап кеткен болчу. Чуулгандуу аудиодо премьер-министрдин, Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын жана финансы министринин үндөрүнө окшош адамдар өлкөнүн экономикалык саясатын талкуулаган жана бул багытта президенттин шык-дарамети тууралуу анча жакшы эмес пикирлерди айтышкан.

Владимир Зеленский Гончаруктун ал арызын кабыл албай койгон. Президент мындай чечимин ал өкмөт жетекчиси экендиги менен, ошондой эле өкмөт мүчөлөрүнө дагы бир мүмкүнчүлүк берип көрүүнү ылайык көргөнү менен негиздеген.

36 жаштагы Алексей Гончарук былтыр август айында премьер-министр болуп дайындалган жана ошол маалда дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы болуп калган. Анын талапкерлигин президенттин «Эл кызматчысы» партиясы көрсөткөн. Гончарук ага чейин президенттик администрация башчысынын орун басары болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG