«Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюму Иранда өкмөткө каршы нааразылык акцияларында полиция демонстранттарды кууп таратып, күч колдонгондо бери дегенде 23 бала ажал тапканын билдирди. Уюм 4-мартта тараткан билдирүүдө 12 жаштан 17 жашка толо элек 22 балага жана 8 жаштагы бир кызга ок тийгени, буга байланыштуу далилдер бар экени айтылат.
Уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча бөлүмүнүн өкүлү Филип Лютер «бул жагдай боюнча көз каранды эмес, ачык-айкын, терең иликтөө» болушу керек экенин билдирди. Ошондой эле кылмышка баргандар жоопко тартылышы зарыл экенин айтты. Расмий Тегеран азырынча комментарий бере элек.
Былтыр ноябрь айынын ортосунан баштап Ирандын жүздөн ашык шаар-кыштактарында нааразылык акциялары өткөн. Ага өкмөттүн бензиндин баасын алда канча жогорулаткан, күйүүчү майды сатууну чектеген чечими негиз болгон. Полиция демонстранттарды кууп тараткан жана тоз-тополоңдо ондогон киши ажал тапкан.
Өлкөдөгү жагдайга быйыл жыл башында таасирлүү генерал Кассем Сулеймани Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын буйругу менен Багдадда өлтүрүлгөнү жана ирандык аскерлер 176 жүргүнчүсү бар украин учагын кокусунун атып түшүргөнү да кошул-ташыл болгон. Буга байланыштуу да өлкөдө нааразылык акциялары өткөн.