Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 15:26

Түштүк Кореядан келген үй-бүлө обсервацияда


Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги 4-мартта маалымдагандай, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында Түштүк Кореядан келген бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү обсервацияга жаткырылган.

Лабораториялык изилдөөлөр аларда коронавирустун белгилери жок экенин көрсөттү. Ошентсе да алардын карантин режими уланууда.

Үй-бүлөдөгү балдардын бири мүмкүнчүлүгү чектелүү, экинчиси ымыркай болгондуктан, аларды толугу менен үй шартында обсервациялоо чечими кабыл алынган. Эпидемиологдор алардын үйү карантин шартына канчалык ылайыктуу экенин иликтешүүдө.

Үй шартындагы обсервация учурунда алар эч жакка чыкпоого жана эл көп чогулган жерлерге барбоого тийиш. Үйдү дезинфекциялап, жеке гигиенаны бекем сакташы зарыл.

Коронавирустун алдын алуу штабынын маалыматы боюнча, эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар келери менен эки жумалык карантинге алынат. Ал эми акыркы бир ай ичинде ал өлкөлөрдө болгон чет элдиктер Кыргызстанга киргизилбесин деген чечим кабыл алынган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG