Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

«Reuters»: Орусия Сириядагы күчтөрүн бекемдей баштады


Орусиянын «Адмирал Макаров» аскер кемеси Босфор ойдуңунда. 28-февраль, 2020-жыл.
Орусиянын «Адмирал Макаров» аскер кемеси Босфор ойдуңунда. 28-февраль, 2020-жыл.

«Reuters» агенттиги Орусиянын деңиздеги жана аба күчтөрү жылдырыла баштаганын жазып чыкты.

Маалымат Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдогандын 5-марттагы жолугушуусун утурлай жарык көрдү.

Анда акыркы алты күн ичинде Москва Босфорго беш кеме жибергени, Орусия аскердик күчтөрүн тездик менен бекемдеп жатканы айтылган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Москвадагы сүйлөшүү Идлибде согуш отун басаңдатат деп үмүттөнөрүн билдирген. Ал 4-мартта парламентте сүйлөгөн сөзүндө Түркия согушту каалабай турганын айткан. Эрдоган Анкара «сириялыктарды Асаддын кандуу режимине калтырып койбой» турганын айтып, Түркиянын Идлибдеги аскердик операциялары Орусиянын күчтөрүнө эмес, Асаддын армиясына каршы багытталганын билдирди.

Кремль 5-марттагы эки тараптуу сүйлөшүү Идлибде кан төгүүнү токтотот деген үмүт бар экенин билдирди. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маселе тараптар 2018-жылы күзүндө жетишилген макулдашуунун шарттарын айныксыз аткарганда гана чечилерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG