Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Жеңиш-75: Согуш ардагерлерине 75 миң сомдон берилет


Жеңиш майрамы. Ош шаары. Архивдик сүрөт.
Жеңиш майрамы. Ош шаары. Архивдик сүрөт.

1941-1945-жылдардагы согуштун ардагерлерине Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргызстанда бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул катары 75 миң сомдон берилет. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

2020-жылдын 4-мартына карата маалыматка ылайык, Кыргызстанда 251 ардагер калган. Алардын 65и согуштун майыбы болсо, 153ү катышуучу, 15и бала кезинде концлагерде, геттодо жана башка мажбурлап кармоо жайында туткун болгондор, 18и Ленинград курчоодо калганда ошол жакта иштегендер.

2010-жылдын 1-январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай 7000 (жети миң) сом компенсация берилип келет. Ардагерлерге президенттин өмүр бою берилчү стипендиясы төлөнөт. Стипендиянын көлөмү айына 10 000 (он миң) сомду түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG