Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:25

Бакиров: Митингдер ишке кедергисин тийгизүүдө (видео)


Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров митингдер өлкөдөгү жакшы иштерге кедергисин тийгизүүдө деп эсептейт. Мындай пикирин ал 5-мартта парламенттин жалпы жыйынында билдирди:

«Биз алдыга жылышыбыз керек. Экономикада жашылдандыруу, жаңылануу деп жакшы ойлор айтылып жатат. Ушундай учурда кээ бир болуп жаткан митингдер жана башка иш-чаралар, тилекке каршы, кедергисин тийгизип келатат».

Депутат 2012-жылы Кыргызстанда тынч чогулуштар жөнүндө атайын мыйзам кабыл алынганын, ар бир жаран өз оюн эркин билдирүүгө акылуу экенин, ошол эле мезгилде баары мыйзам чегинде болушу керек экенин кошумчалады.

Кыргызстанда соңку саясий акция Бишкекте түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылгандардын митинги болду.

Ала-Тоо аянтында 2-мартта өткөн иш-чаранын соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттап, сотко чейинки териштирүү баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG