Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Карамушкина: «Альфа» кызматкерлери Кой-Таш боюнча башка ат менен көрсөтмө беришкен


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» бөлүгүнүн кызматкерлери Кой-Таш окуясы боюнча көрсөтмөлөрүн башка ат менен берүүдө деп эсептейт. Бул тууралуу ал 5-мартта парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Депутат бул сот жараяны ачык өтүшү керек экенин, антпесе коомдо бийликке карата ишеним жоголорун белгиледи:

««Альфанын» күбө катары өтүп жаткан кызматкерлеринин баары башка ат менен жазылган. Эгер чындык азыркы бийлик тарапта болсо ачык териштирүүгө биринчи кезекте ал өзү кызыкчылыгы болмок. Соттун жабык өтүшү коомду ого бетер бөлүп-жарып, бийликке болгон ишенимдин жоктугун күчөтөт».

Карамушкина Кой-Таш окуясы боюнча териштирүүдө өлкөнүн кызыкчылыгына доо келтире турган «эч кандай сыр жок» экенин, «ашкере боло турган жалгыз нерсе – күч түзүмдөрүнүн компетенциясынын жоктугу жана коррупциялашканы» экенин кошумчалады.

Депутаттын айтканына байланыштуу «Азаттык» УКМКга кайрылганда мекеменин басма сөз кызматы тергөөнү милиция органдары жүргүзгөнүн, андыктан комментарий бере албай турганын билдирди. Ал эми Ички иштер министрлиги иш алардын карамагынан чыгарылып, сотко өткөрүлүп берилгенин кабарлады.

2019-жылдын август айында УКМК жана ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөндө «Альфанын» бир офицери курман болуп, 200дөн ашуун адам жараат алган. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иши өзүнчө тергелүүдө.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бул күндөрү баштапкы соттук отурум уланууда. Териштирүү ачык өтөбү же жабык болобу, азырынча белгисиз.

Прокурорлор сот ачык өтүшүн колдой турганын билдиришти. (RK)

XS
SM
MD
LG