4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Нурбек Токтакуновдун журналисттик иликтөөлөргө байланыштуу жазган арызы боюнча ишти карап, юристтин өтүнүчүн канааттандырган жок. Буга чейин Токтакуновдун арызын Октябрь райондук, Бишкек шаардык соттору канааттандырган эмес.
9-декабрда «Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузулганы аныкталса, чара көрүүнү өтүнгөн.
3-марттагы сот отурумунда Токтакуновдун жүйөсүнө Башкы прокуратуранын өкүлү Ороз Бердикожоев жооп берген. Ал Нурбек Токтакунов жазган арыз маалыматтардын эсептик журналынын автоматташтырылган базасына катталганын айтып, башкы көзөмөл мекемеси арызды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүп бергенин, ал мурдараак козголгон кылмыш ишинин алкагында каралаарын айткан.
Былтыр «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.
Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын айтууда. Мындан кийин анын бир тууганы, депутат Искендер Матраимов, үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Бул иш сотто өзүнчө каралууда. (TSh)