Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

6-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

6-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 3...5 градус болот.

XS
SM
MD
LG