Москванын Симонов райондук соту «чет элдик агент тууралуу мыйзамды бузду» деп айыптап, Алексей Навальныйдын «Коррупцияга каршы күрөш фондуна» 500 миң рубль айып салды. Бул тууралуу «МБХ медиа» сот отурумуна катышкан журналистке таянып жазды.
Сот Навальныйды «Инстаграмда» жарыялаган видеолоруна «чет элдик агент» деген белгини такпай койгон деп тапкан. Буга 2019-жылы Алексей Навальныйдын фондуна Испания менен АКШдан 140 миң рубль акча келип түшкөнү негиз болгон. Орус бийлиги ал каражаттар Навальныйдын фондунун саясий жигердүүлүгүн шарттап, бийликке нааразы адамдарды көчөгө алып чыгууга көмөктөшкөн деп эсептеген.
«Медуза» сайтынын жазганына караганда Навальныйдын фондунун банктагы эсебине Испаниядан акча салган адам орусча сүйлөбөгөн, Орусиянын саясатына кызыкпаган жаран болуп чыккан.
Алексей Навальный ал акчаны атайын чагым салууну каалаган адамдар орус бийлигинин буйругу менен жибериши мүмкүн деп эсептейт.
Алексей Навальный «Коррупцияга каршы күрөш фондун» түптөп, элден чогулган кайрымдуулук акчанын эсебинен өзүнүн коррупцияга каршы күрөшүн улантып келе жатат. Ал фонд Орусиянын президент Путин, мурунку президент Дмитрий Медведев, азыркы өкмөт башчы Михаил Мишустин баш болгон эң жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык иштерин ачыкка чыгарган. Бир нече ирет Владимир Путиндин бийликтен кетишин талап кылып, ири митингдерди өткөргөн. (YI)