Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

БУУнун мурдагы баш катчысы Перес де Куэльяр дүйнө салды


Хавьер Перес де Куэльяр, 1988-жыл.
Хавьер Перес де Куэльяр, 1988-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы баш катчысы жана Перунун экс-премьер-министри Хавьер Перес де Куэльяр Лима шаарында 100 жашында көз жумганын уулу кабарлады.

БУУнун азыркы баш катчысы Антониу Гутерриш январда Де Куэльярдын 100гө чыкканын куттуктап, «сый менен кубанычка бөлөнүп өмүр сүрүүнү» тилек кылган. «БУУда ал бизге шык берип турган үлгүлүү инсан жана баш катчы катары анын сиңирген эмгегине терең ыраазыбыз», деп «Твиттер» баракчасына жазды.

Де Куэльяр 1940-жылы Перунун Тышкы иштер министрлигинде эмгек жолун баштаган. Андан соң Перунун Швейцариядагы, СССРдеги, Польшадагы жана Венесуэладагы элчиси болгон.

1975-жылы БУУнун баш катчысынын Кипрдеги атайын өкүлү болуп дайындалып, аралда тынчтык орнотуу менен алектенген. Андан кийин баш катчынын саясий маселелер боюнча орун басарынын кызматын аркалаган. 1981-жылы Ооганстанда согушту токтотуу аракеттерин жетектеген.

1982-жылы БУУнун баш катчысына шайланып, бул кызматты эки мөөнөт катары менен 1991-жылга чейин ээлеп турган. Жогорку кызматта турганда СССР менен АКШны БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагында тыгыз кызматташууга үндөп, дүйнө экиге бөлүнүп турган шартта эл аралык жаңжалдарды чечүү мүмкүн эмес экенин эскерткен.

1995-жылы Перунун президенттигине ат салышып, азыркы президент Альберто Фухимориге утулуп калган. Шайлоодон кийин кыска мөөнөткө өкмөттү жана Тышкы иштер министрлигин жетектеп, андан соң саясий ишмердигин токтоткон.

XS
SM
MD
LG