Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Активисттер Назарбаевди «Нур Отан» партиясынын башчылыгынан кетүүгө чакырышты


Активисттер Алматыда «Нур Отандын» мүчөлөрү менен сүйлөшүп жатышат. 5-март, 2020-жыл.
Активисттер Алматыда «Нур Отандын» мүчөлөрү менен сүйлөшүп жатышат. 5-март, 2020-жыл.

5-мартта ондогон активисттер «Нур Отан» партиясынын Алматыдагы кеңсесине келип, партиядагы коррупционерлер тууралуу түшүндүрмө беришин талап кылышты. Январь жана февраль айларында партиянын эки мүчөсү пара алууга байланыштуу шек саналганы тууралуу маалымат тараган эле.

Активисттер өлкөнүн мурунку президенти Нурсултан Назарбаевди партия лидерлигинен кетүүгө чакырышты. Акциянын катышуучуларынын бир бөлүгүн партиянын Алматыдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Станислав Канкуров кабыл алды. Канкуров 2019-жылы паракорлукка байланыштуу айыпталып кармалган миңден ашык кишинин 10% жакыны «Нур Отан» партиясынын мүчөлөрү экенин билдирген.

Алар «Нур Отан» партиясынын кеңсесинин алдында «Stop Nazarbayev System» деп англис тилинде жазылган плакатты көтөргөн соң Канкуров алар менен сүйлөшүүсүн токтоткон. Бул акция партиянын саясий кеңешинин отуруму болор күнгө туш келген. (YI)

XS
SM
MD
LG