Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Жээнбеков шайлоо алдындагы жапырт каттоого тынчсыздануу билдирди


Президент шайлоого даярдыкты талкуулады. 5-март, 2020-жыл.
Президент шайлоого даярдыкты талкуулады. 5-март, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнүн толук ачык-айкындуулугун камсыз кылууну талап кылды.

5-мартта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, мамлекет башчы бул шайлоо мамлекеттик органдардын күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого даярдыгы кандай экенин текшерерин белгиледи.

Президент шайлоонун толук ачык-айкындыгын, саясий партиялардын катышуусун жана аларга бирдей шарт түзүү зарыл экенин айтты.

Айрым шаарларда жарандарды жапырт каттоо аракети болгонуна тынчсыздануусун билдирип, буга карата тиешелүү органдар ыкчам реакция жасаганын канааттануу менен белгиледи.

Быйыл 12-апрелде Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо өтөт. Ага 22 саясий партия катышканы турат. Ошондой эле бул күнү 25 айылдык кеңешке 375 депутат шайланат, алардын 142 мандатына аялдар келе алат.

Күзүндө Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт.

Башкы прокуратура айрым жерлерде шайлоо алдында адамдарды жапырт каттоого байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG