Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Өзбекстанда подполковник Калошин чыккынчылык үчүн соттолду


Владимир Калошин. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Владимир Калошин. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Өзбекстандын Аскердик соту эс алуудагы подполковник, «Ватанпарвар» («Мекенчил») гезитинин кабарчысы Владимир Калошинди 12 жылга эркинен ажыратты. Ага «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып коюлду. Сотто полковник күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Калошин «Ватанпарвар» гезитинде кабарчы болуп 1992-жылдан бери иштечү. Аны былтыр июлда Мамлекеттик коопсуздук кызматы камакка алган. Анын адвокаттары «тергөө сырын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкат жазып беришкенин» айтып, анын ишине байланыштуу эч кандай комментарий беришкен эмес. Буга чейин Калошинге «мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган», «Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган» деген айып коюлуп жатканы айтылган.

Өткөн айда Аскердик сот Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык жана аймак аралык иликтөөлөр институтунун мурдагы башчысы Рафик Сайфулиндин ишин карай баштаган. Аны менен кошо «Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган» деген негизде Коргоо министрлигинин он чакты генералы менен полковнигине айып коюлган.

XS
SM
MD
LG