Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Кой-Таш окуясы боюнча сотто судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү


Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.

5-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан: Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жеенбеков, Мирбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Каныбек Сагымбаев жана жалпы он төрт кишинин иши боюнча алдын ала угуусун улантты.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 5-марттагы жараянда жактоо тараптан келтирилген өтүнүчтөр каралды. Адвокат Нурбек Токтакунов ишти сот арачылардын катышуусунда каралсын деген өтүнүчүн да сот канааттандырган жок. Мунун себебин судья сот арачылары тууралуу мыйзам 2025-жылдан тарта күчүнө кирет деп негиздеди. Ал эми адвокат Замир Жоошев судья Марат Сыдыковго ишенбөөчүлүк көрсөткөн, бирок сот анын өтүнүчүн кабыл алган жок.

"Айыпталуучулар сот системасына ишенбей турганын жалпы коомчулукка билдиришти. Мындан тышкары сотту ачык өткөрүүнү талап кылышмакчы. Мурунку президенттин иши каралып жаткандыктан, коомчулукка кызыктуу. Ошондуктан, Апрель окуяларынын соту сыяктуу ачык өтүүсүн талап кылабыз".

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 6-мартта уланат. Бул күнкү жараянда соттун ачык же жабык өтөрү аныкталат.

Жазык-процесстик кодекстин 275-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, алдын ала угуу жабык жүргүзүлөт.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта отурушат.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши февраль айында сотко өткөн. Баштапкы соттук жыйын 3-марттан тарта жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG