Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Жогорку Рада башкы прокурор Руслан Рябошапканы кызматтан алды


Руслан Рябошапка.
Руслан Рябошапка.

Демилгени президенттин "Слуга народа" партиясы көтөрүп чыккан. Фракция башчысы Давид Арахаминин айтуусунда, Рябошапканын кызматтан кетүүсүнө негизги себеп - мурунку президент Петр Порошенконун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы тууралуу иликтөө ордунан жылбай жатканы болгон.

Руслан Рябошапка мурдараак өзүн коррупцияга баткан саясатчылар кызматтан кетирүүгө аракеттенип жатышат деп билдирген. Ал өзүнө карата "ишеним көрсөтпөөчүлүк калпка негизделген" деп айткан.

Украин президенти Владимир Зеленский Рябошапканы мыкты адис деп айтты. Президент "бирок ал ишинде жыйынтык көрсөтө алган жок", - деди. Рябошапка башкы прокурор болуп былтыр августта дайындалган.

XS
SM
MD
LG