Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Москвада коронавирустан улам жогорку даярдыктагы режим киргизилди


Москва метросундагы жүргүнчүлөр. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва метросундагы жүргүнчүлөр. Иллюстрациялык сүрөт.

Режим мэр Сергей Собяниндин буйругу менен киргизилди. Ал Кытай, Түштүк Кореядан, Италиядан, Ирандан, Испаниядан, Германиядан жана Франциядан келген жарандар өз эрки менен эки жумалык карантинге баруусун талап кылды. Ал эми оору катталган өлкөлөрдө болгон жарандар бул тууралуу дарыгерлерге билдирүүгө тийиш.


Мэр мындан тышкары жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус жуктургандарды дарылоочу атайын корпус ачууну буйруду. Собянин Москвада кырдаал тынч экенин белгилеп, массалык иш-чараларга тыюу салуунун зарылчылыгы жок экенин айтты. Москвада коронавируска чалдыккан алгачкы адам 2-мартта катталган.

XS
SM
MD
LG