Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Аялдардын тилектештигине арналган жүрүшкө Ошто да тыюу салынды


"Аялдардын тилектештик маршы". Ош шаары. 8-март, 2018-жыл.
"Аялдардын тилектештик маршы". Ош шаары. 8-март, 2018-жыл.

Ош мэриясы жана шаардык милиция 8-марттын урматына белгиленген тилектештик маршын өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу "Новый Ритм" коомдук бирикмесинин төрайымы Гулиза Абдыжапарова "Азаттыкка" кабарлады.

"Биз иш-чараны кеңсенин ичинде эле өткөрө турган болдук. Жылдагыдай көчөдө жөө жүрүш өтпөйт. Мэриядан жана шаардык милициядан тыюу салган билдирүү келди. Бирок анда өкмөттүн токтому жөнүндө бир гана сүйлөм бар экен", - деди Абдыжапарова.

Жергиликтүү бийлик тынчтык маршына тыюу салынганын коронавирустун жайылуусун алдын алуу менен түшүндүргөн. 4-мартта республикалык штаб өлкө боюнча массалык иш-чараларга чектөө киргизген.

8-март күнү "Новый Ритмдин" кеңсесинде аялдардын эл аралык күнү тууралуу талкуу уюштурулуп, юридикалык жана психологиялык кеңештер берилет. Мындан тышкары үй-бүлөлүк зомбулук боюнча флэш-моб өтөт.

"Новый Ритм" коомдук уюму 2014-жылы негизделген. Уюм тең укуктуулукка, аялдардын укугунун сакталышына, гендердик теңчиликке арналган иш-чараларды өткөрүп келет. Алардын ичинде 2017-жылдан бери жыл сайын 8-мартта жүрүш өтөт.

5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкектин борборунда митинг жана тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салды. (DU)

XS
SM
MD
LG