Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Тажикстандын базарларында азык-түлүк кескин кымбаттады


Тажикстандын базарларында эки күндөн бери коронавируска байланыштуу айың кептерден улам базарларда болуп көрбөгөндөй дүрбөлөң өкүм сүрүүдө. Эң керектүү азык-түлүктөргө суроо-талап жогорулагандыктан, баа дээрлик эки эсе кымбаттады.

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Тажикстанда коронавирус катталбаганын билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед 5-мартта материалдык резервде эки жылга жетчүдөй азык-түлүк запасы бар экенин маалымдаган.

Бирок бейшемби күнү эртең менен соода түйүндөрүндө ун жана башка азык-түлүктөргө кезекке турган учурлар катталды. Бири-бирин түртүшкөн элдин көптүгүнөн милиция кызматкерлери коомдук коопсуздук чараларын күчөтүштү.

Бул арада Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңеши жаназадан башка учурда жапырт намаз окууну токтото туруу боюнча кайрылуу жасады. Өлкөдө Нооруз майрамына карата өтө турган салттуу жүрүштөргө тыюу салынды.

Тажикстандык журналист Азиз Накибзоддун пикиринде, бийликтин кескин чаралары калк арасындагы дүрбөлөңгө себеп болгон.

"Мечиттерде намаз окууга тыюу салынгандан кийин эле эл көйгөй башталды деп ойлонуп калды", – деди ал.

Соңку маалымат боюнча Кытайдан тышкары 70 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3 миңден ашуун адам каза болду, 52 миңдейи айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG