Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Иранда кыргызстандык 76 айдоочу чек арадан өтө албай турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

76 жүк ташуучу автоунаанын айдоочулары коронавирустун улам 18-февралдан бери Иранда изолятордо турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өндүрүш палатасы билдирди. Автоунаалардын көпчүлүгү Ирандын эки чек ара бекетинде жана Ирандын өзүндө токтоп турат.

«Айдоочулар менен «Вотсап» аркылуу гана сүйлөшүп жатабыз. Аларга тамак-аш жана акча керек. Бирок учурда Иранга акча которуу да мүмкүн болбой жатат. Айдоочулар жардамга муктаж. Азырынча ден соолугуна байланыштуу эч ким кайрыла элек. Айдоочулардын арасында вируска чалдыккандар жок», - деди Соода-өнөр жай палатасынын логистика жана транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу.

Жүк ташуучу автоунаалардын көпчүлүгү Кыргызстанга тамак-аш жана тиричилик техникаларын алып келатышкан. 18-февралда Түркмөнстан коронавируска байланыштуу Иран менен чек ара бекетин жапканына байланыштуу алар Ирандын чек арасында калган. (GT)

XS
SM
MD
LG